Индира: “Мен кырктан аштым, бирок кыз бойдонмун”

Индира: “Мен кырктан аштым, бирок кыз бойдонмун”

28-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

— Мен өмүр бою жакшы жашоону кааладым. Бала кезде жокчулукка кабылып калгангабы айтор мени адамдык сапат эмес, байлык азгырып келет. Студент кезде бай адамджын үйүн жыйнап, аялынын кирин жууп иштедим. Алардын кымбат баалуу жашоосу мени өзүнө тартып алды. Бир аз алган айлыгымды аларга окшоп кийим издеп, Дордой базарын түрө кыдырып окшош бирок алардыкынан арзан кийим таап кийем. Ал жерде аялын карап он жылга чукул иштедим. Аялынын оорусунун айынан аны менен кошо чет өлкөгө чейин барып келдим. Бул жашоо мени элиталык батирлерге жашоону, кымбат машина айдоону жана акчалуу эркекти табууну көксөттүрдү. Бирок жашоомдо андай мен ойлогон мырзалар мага жолукпады. Убакыт ошентип бирөөнүн жашоосуна өзумдүкүн окшоштурам деп өтүп кеткенин билбей калыптырмын. Жакын курбуларым болсо бут кийими кир же бырышкан футболкачан жигиттер менен журүп эле тийип алышкан. Алардын жетип жетпеген жашоосу мени кызыктырган жок. Бара-бара алар менен да катышты токтоттум. Кысынып журүп араң кичинекей машинага жеттим. Фитнес клубдарга жазылдым. Жаш кыздардай болуп кийинем бирок … Мага көңүл буруп менин колумду сурагандар болбоду. Жакында аялы каза болгон бай адам менен тааныштым. Эч нерсесине карабай тийип алдым. Ал болсо мага үйлөнгөнгө чейин эле эки жыл мурун эле импотент болуп калыптыр. Бир төшөктө конурукту кош тарткан абышка менен укташ мен үчүн оор, жийиркенем. Бирок, жашоо мен кыялданганга бир аз окшошуп кетет. Эч кимге айталбаган көйгөйүм бул менин кырк бешке чыксам да кыз бойдон болгонум.