Индира Куралбекова: “Суукта, кышында апамдын көр алдында жатканын элестетип, ыйлап чыкчумун”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 
Бир топ жыл №4 кесипчилик окуу жайында директордун орун басары болуп эмгектенип, азыркы учурда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында саясый-социалдык түрдүү көйгөйлөрдү көңүл чордонуна коюп, күйөрмандардын жүрөгүнөн орун таап, жигердүү иштеп жаткан, келечектен дагы көптү үмүттөндүргөн мыкты кыздарыбыздын бири Индира Куралбекова менен саясаттан тыш жандүйнө, жашоо, тагдыр, достук тууралуу маек курдук.
“Түрдүү оор тагдырларды көп көрдүм, ошолор тууралуу жазгым келет”
— Мен бала кезде ыр жазчумун. Чыгарган ырларым “Айыл жарчысы”, борборго келгенде “Тил жана маданият” ж.б. гезиттерге жарык көрүп жүрдү. Акыркы ирет апам каза болгондо жаздым. Адам баласынын жүрөгү ооруп, түйшөлүп турганда оргуштаган ырларды жаратат экен. Ошондо апамдан айрылганда жүрөктөгү баардык азап-кайгымды ырлардан чыгардым.
Жашоодо көп адамдарды көрдүм. Түрдүү тагдырларды кезиктирдим. Журналисттик кесипке аралашканга чейин кесипчилик окуу жайда директордун орун басары болуп бир топ жыл иштедим. Курулуш тармагынын адистерин даярдап өстүрдүк. Ошол жерде мүмкүнчүлүгү чектелген жетим балдар дагы билим алчу. Он жылга жакын ал жакта эмгектенип, ар бир баланын тагдыры менен жакындан тааныш болуп, сүйлөшкөнгө туура келген учурлар болгон. Ошол тагдырлар тууралуу жазгым келет. Бирок, убакыт таппай келем. Азыр 28 жашка келдим. Бирок, бул жаш куракка чейин аябай көп нерсени көрдүм. “Ата, апа” деп таята-таенемдин колунда чоңойдум. Алардын 14 баласы бар эле. Беш баласын жерге беришкен. Мен көзүмдү ачсам эле кемпир-чал отурушчу. Конокко улуу адамдар келип, алардын кебин эшитип отуруп, бала кезден эле чоң адамдардай калыптандым. Ошондуктан жаштардай шатыра-шатман жүрбөй, ойлуу, чоң адамдардай жүргөнүмдү кесиптештерим айтып калышат.
“Эне менен баланын бирин-бири жоготкон оор сезимди сездим
— Менин апам кеменгер аял эле. Атам экөө алтымыш жыл бирге жашашты. Он төрт баланы тарбиялап өстүрдү. Бешөөнү кайра жерге берип, ал азаптарды көтөрдү. Ата деген катуурак болот эмеспи. Кээде балдарын таарынтып урушуп койсо, апам «таарынбагыла, силерди бармактайыбыздан чоңойтуп ордуңарга кондурдук. Атаңар – менин жашоомдун каарманы» деп калчу. Бир күнү эжем таарынып келсе, апам «кызым, турмушумда канча өксүк, таарыныч болду. Бир жолу силерди жетелеп алып, “кетем” дегенимди көрдүң беле? Силердин көзүңөрчө бакырып-өкүрүп ыйлап, ызы-чуу салганымды көрдүң беле?» деди. Мен бул кептерди уктап жатып угуп жаттым. Эжем “жок, апа” деди. “Турмушта дагы далай таарынышасың. Ушул болбогон нерсе үчүн түзүлгөн чоң турмушту талкалап салгың барбы? Тур, кийинип, балдарыңды алып жөнө. Экинчи күйөөң жаныңда жок төркүнүңдүн босогосун аттаба!” деп үйүнө жөнөттү. Мына чыныгы эненин тарбиясы!
Жүрөгүмдү “дүрт” эттирген оор ирмем бул акыркы беш жыл аралыгында апам менин колумда болду. Жуунтуп, чачын тарап, тамагын түрлөп жасап берип жүрдүм. Анан каза болорун сезип калдым. Таласка алып кеттик. 41 градус кычыраган суук учур эле. Каза болор алдында келин-кесегин чогултуп, керээзин айтты. “Куда-сөөктү бул жакка, кошуна-колоңду бул жакка отургузгула” деп керээзин калтырды. Үйдө сыйкырдуу сандыктары турчу. Ошол сандыктын бириндеги кийимдерин “мен өлгөндө бозүйгө илгиле” деди. Бир ачылбаган сандыгында беш жылдан бери чогулуп жүргөн таттуулары бар экен. Аны “дасторконго койгула” деп келиндерине дайындады. Дагы бир сандыкта “атаңардын кийими бар. Атаңар өлгөндө илесиңер” деди. Эң акырында мени карап, “бул байкушумдун абысыны же күйөөсү жок каралбай калып калбасын, улам киргизип-чыгарып, ысык чай бергиле. Күндүн суугунда келиндер куурайт го. Жок дегенде кичине күн жылымдаганда кетсем кана?!” деди. Кетип бара жатканын сезип, ушунун баарын айтууга кандай эрк күч керек?! Бир убакта кадимкидей оңоло түштү. Мени аябай кучактап, жыттап, “жакшы болуп калдым, эми жумушуңа бара бер” деп жөнөтүп жиберди. Мен “апам чын эле жакшы болуп калды” деп кубанып жөнөп кеттим. Бирок Бишкекке вокзалга жакындаганда байкем апамдан айрылганыбызды угузду. Үч күн апам бозүйдө жатканда жанымда жүргөндөй сезилди. Көргө алып кетип жатканда чындап айрылганымды сездим. Бул тирүүлүктөгү эне менен баланын бирин-бири жоготкон оор сезимди сезгеним эле. Апамдан айрылгандан кийин көпкө дейре өзүмө келе албай жүрдүм. Суукта, кышында көр алдында жатканын элестетип, уктай албай ыйлап чыкчумун. Азыр да ыйлайм. Мен апамдын өлүмүн өтө оор кабыл алдым. Менин өз апам дарыгер. Жашоомо чоң салым кошкон. Биз үч бир тууганбыз. Эки сиңдим бар. Отуз жылдан ашык өмүрүн саламаттык сактоого арнаган. Талас облусуна кадыры сиңген мыкты дарыгерлердин бири. Жашоомдо алардын бар экендигине каниет кылам.
“Көз алдымда көп адамдарды жоготуп алдым”
— Мен турмушта көп досторду күттүм. Бирок, эң жакын эки досум тууралуу айткым келет. Тилекке каршы, бирөөсүнүн көзү өтүп кетти. “Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошом” деген тилектери бар эле. Биз ал досубузду унутпайбыз. Аны менен өткөргөн ар бир күн майрам эле. “Кыз киши” деп мени баардык жагынан аяп, колдоп турушчу. Бири өтүп кетти. Көпкө дейре өзүмө келе албай жүрдүм. Азыр экөөбүз жолугуп турабыз. Бирок, үчөөбүз жолуккандай болбойт. Ошон үчүн дайыма “тирүүлүктө сыйлашып жүрөлү” деген постторду жазам. Бүгүн жакшынакай бирге чай ичип, эртеси өтүп кеткен, көз алдымда көп адамдарды жоготуп алгам. “Эртең ушул адамдын башына жоолук салып, же ак калпак кийгизип коёюнчу” деп улам кийинкиге жылдырып отуруп, канчасына жетишпей калдым…
Эртең эмне болуп кетерибизди билбей жашайт экенбиз. Турмушта болбогон нерсе үчүн жаман-жакшы айтышкан адамдарды сабырдуулукка чакырам. Мен өмүрдүн баасын билем. Төрт жыл мурун Токтогул-Белинский көчөлөрүнүн кесилишинен катуу келаткан чоң унаа өз жолумда бара жаткан мени коюп кеткен. Жогору учуп барып, катуу түштүм. Үч күн жандандыруу бөлүмүндө өзүмө келе албай, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаттым. Реанимацияга алып кирип бара жатканда №4 шаардык оорукананын короосунда майрам болуп жаткан экен. Дарыгерлер шарларды дарактарга илип, сонун сөздөр сүйлөнүп, майрам болуп жатты. Носилкада жаткан жеримден учуп, өйдө көтөрүлүп бараттым. Ошол учурда жүрөгүм болуп көрбөгөндөй жеңилдикти сезди. Жаным жай алып баратты. Мындай жеңилдикти жаңы төрөлгөн бала дагы сезбесе керек. Көтөрүлүп баратканымда мурдум “каң” эле дей түштү. Көрсө, мурдума нашатырь спиртин басышыптыр. Кийин дарыгерлер “он секунд клиникалык өлүмгө учурагансың” дешти. Он секунд өлүмдү көрүптүрмүн. Дагы бир беш мүнөттөрдө балким жок болуп калмакмын. Колум, тизем, жамбашым сынды. Мээм чайкалды. Ошонун азабын азыр дагы тартам. 29 күн ооруканада жатып, көп нерсенин баркын түшүндүм. Канча адамдын жүрөгүн ооруттум. Ошолордон кечирим сурай албай өтүп кетмек экенмин да (!), ушунун баарын ойлонуп, ал күндөр аралыгында таптакыр башка Индира болуп чыктым.
“Достуктан сүйүүгө өткөн сезимдер”
— Мен жогоруда эки адам менен болгон достугумду айттым. Биз үчөөбүз көптүккө киребиз. Биз бир туугандай мамиледе болчубуз. Кийин бир адам менен таанышып калып, башкача мамилени байкадым. Башында ага-карындаш болуп, бир туугандай жүрдүк. Анан биздин бир туугандык мамилебиз достукка айланып бара жатты. Ойлоп көрсөм, жаштык кылып, ага маани деле бербей жүрө бериптирмин. Бир күнү карасам, анын дагы, менин дагы оюм башка жакка кетип баратканын, достук мамиле сүйүүгө айланып баратканын сездим. Сүйлөшүп отурсак эле ортодо кызганыч сезимдери айтылып кетчү болду. “Мен сени бирөө менен көрдүм, ошол ким?” деген суроолор, кызганычтар айтыла баштады. Анан ойлодум, “аял менен эркектин ортосунда достук сезим болсо дагы, бара-бара сүйүүгө айланып калат окшойт” деп. Кийин анын сезимдери достуктан эчак эле сүйүүгө өтүп кеткенин байкадым. Аны экөөбүз тең түшүнүп калдык. Анан алыстап, аралыкты кармай баштадык. Бирок мен ал адамды аябай сыйлайм. Ал баардык жакшы нерселерге татыктуу, билимдүү, адамгерчиликтүү инсан. Кандай болгон күндө да, биздин жылуу мамиле сакталып калат го. Таарынып калган окшойт, акыркы мезгилде сүйлөбөй жүрөт. Ошон үчүн кыз менен жигит дос болгондо, ал сезим кызда же балада болот экен. Бирок биринен ажырап калган, бири чет өлкөгө кеткен досторумдан бир туугандай гана достук мамилени байкадым.
“Ар бир аялзатына үй-бүлө өтө маанилүү”
— Үй-бүлө, бала тууралуу акыркы жылдары катуу ойлонуп жүрөм. Ар бир аялзатына үй-бүлө өтө маанилүү. Эч ким анын үй-бүлөсүндөй болуп жөлөк-таяк болуп бере албайт. Дос, бир тууганмын дегендин баары кези келгенде керек учурунда жок болуп кетет. Мен өзүм бапыраган көп балалуу болгум келет. Кичинекей кезимде көп бир тууган болуп, бапырап-шапырап турчубуз. Азыр ошол бапыраган үй бош тургансыйт. Баягы үйдүн куту кеткен. Куттуу ошондой өз бүлөмдү жараткым келет. Мени өмүрдө коштоп, жөлөп-таяп кете турган адамгерчиликтүү инсан болсо (!) деп тилейм.
Жамиля Нурманбетова 
«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg