Индиядан 15 кыргызстандык алынып келинди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

15 кыргызстандык Индиядан чыгарылып, мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жарандардын Гоа жана Делиден (Индия) кайтаруу Казакстандын өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылган. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланган.
“Кыргызстандыктарды Тараз шаарынын (Казакстан) эл аралык аэропортунан атайын транспорт менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда 2020-жылдын 4-апрелинде Кыргызстанга алып келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат”, – деп билдиришти штабдан.

Аргумент.kg