Илон Масктын компаниясы мээ чиптерин адамдарга сыноого уруксат алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Америкалык ишкер Илон Масктын мээнин чиптерин жасаган Neuralink компаниясы аны адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат алды. Бул туурасында Риа новости  жазды. Мурдараак, 2022-жылдын башында, Neuralink тамак-ашка жана медикаменттерге санитардык көзөмөл кылган америкалык башкармалыкка (FDA) жогорудагыдай сыноо жүргүзүүгө уруксат берүүсүн сурап кайрылган. Бирок ведомство компаниянын арызын канааттандырган эмес. «FDA адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат бергенине кубанып жатабыз! Neuralink командасынын FDA менен кызматташып, баш көтөрбөй иштеген эмгегинин жыйынтыгынын — биздин технологиянын көп кишилерге бир кезде жардам берерине жасаган маанилүү жана биринчи кадамы», — деп жар салган компания Twitter тармагындагы баракчасында. Клиникалык сыноолого катыша тургандарды тандап алуу боюнча кошумча маалымат жакынкы күндөрү чыгарын жазышкан. Буга чейин Маск Neuralink компаниясынын «революциялык мээ имплантаты» паралич жана сокурлук сыяктуу илдеттерде жардам берерин билдирген эле. Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg