Илим Карыпбеков «Биримдиктин» лидеринин пикири менен макулбу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Илим Карыпбеков жогорку кызматынан кеткенден кийин кыйын блогер болуп кетти. Көп маселеге кайрылат жөн эмес ,юмор менен берет. Бирок кийинки кезде интернет колдонуучулар Илим мырзага нааразылыктарын билдире калышты.Көрсө Илим мырза Россияга кошула коебуз деген «Биримдик» партиясынын лидери  Марат Аманкуловго эч нерсе деп реакция жасабай коюптур.Айрымдары болсо: «Илим Карыпбеков «Биримдик» партиясына саясий технолог катары кызмат көрсөтүп жатат имиш»- деген кептерди таратышты.Анан кантип  өзү каражат таап жаткан партияга каршы чыксын дешүүдө.Айрымдары мурунку окуяны эстеп жиберишти.Россияга элдин баары кошулгусу келет деп койгон Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Раиымкул Аттокуровго каршы аябай куйкумдуу постторду жазган.

Илим мырза чын эле унчуга албай калдыбы.Буга тапчу акча эле  себеп болдубу же башка да маселе барбы?

ARGUMENT.КG

Аргумент.kg