ИИМге жаңы техникалык жабдыктар тапшырылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМге техникалык жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2022-жылы 28-февралында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси сот жана укук коргоо органдарын реформалоого техникалык жардам көрсөтүү иш-чарасынын алкагында техникалык жабдууларды Ички иштер министрлигине тапшырышты. Аталган иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, консультант Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин улук программалык ассистенти Мурзалиев Самат, министрдин орун басары Суйунбек Ниязбеков жана ИИМдин Эл аралык кызматтыштык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов катышты. Улан Ниязбеков элчиге көрсөткөн жардамдашуучу үчүн ыраазычылыгын билдирип, укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мындан аркы кызматташууга ишеним билдирди. “Азыркы учурда ЕККУ биздин эң маанилүү өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат, ал коом менен милициянын ортосундагы өз ара мамилелердин өнөктөштүк моделин түзүүгө, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган чараларды ишке ашырууга олуттуу салым кошот. Албетте, бүгүнкү күндө берилип жаткан техникалык жардам Электрондук документ
жүгүртүүнү жүргүзүү үчүн борбордук маалыматтар базасынын серверлерин техникалык модернизациялоо боюнча Министрликтин ишине чоң салым кошот, ошондой эле иштин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат жана министрликтин кызматкерлеринин эмгек ишмердүүлүгүн жеңилдетет, керектүү маалыматтарды издөө процессин тездетет жана маалыматтарды сактоону тартипке салат” – деди Улан Ниязбеков. Сөзүнүн аягында ИИМдин башчысы министрлик мындан аркы жемиштүү кызматташууга дайыма даяр экендигин белгиледи. Өз кезегинде Алексей Рогов сот жана укук коргоо органдарын реформалоого техникалык жардам көрсөтүү иш-чарасынын алкагында ИИМди техникалык жактан колдоого мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Аргумент.kg