ИИМдин ардагерлери үйлүү болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИОнун кызматкерлерине, айрыкча ардагерлерге турак-жай берүү маселеси
министрликте каралууда. Бишкек шаарынын К.Акиев 1а дареги боюнча
жайгашкан ИИМдин турак жай фондунун объектилери (216 батир) “Менин үйүм
2021-2026” турак жай программасынын алкагында, белгиленген тартипте
тескеме менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коомуна
өткөрүп берилген.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коомуна өткөрүлүп
берилүүчү турак жай фондунун объекттерин максаттуу пайдаланууну камсыз
кылуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
кызматкерлерине жана эркин жалданма курамынын кызматчыларына тескеме
менен өткөрүлүп берилген турак жайды алууга артыкчылыктуу укук берүү
сунушталгандыгына байланыштуу 216 батир “Мамлекеттик ипотекалык
компания” Ачык акционердик коому тарабынан аныкталган тартипте
бөлүштүрүлөт.

Учурда ИИОнун Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бөлүктөрүнүн турак
жайга муктаж болгон адамдарынын тизмелери чогултулуп өзгөртүүсүз жана
эч кимисин тизмеден албай, 216 батирди бөлүштүрүү үчүн “Мамлекеттик
ипотекалык компания” Ачык акционердик коомуна жөнөтүлгөн. Бул тизмелерде
жалпысы 1700 дөн ашуун кызматкерлер, жумушчулар, ардагерлер, жеңилдик
берилген категориядагылар (жесирлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр)
катталып турат.

Ошондой эле, ИИМ тарабынан, турак жайга муктаж болгон ардагерлерге,
жеңилдик берилген категориядагыларга (жесирлер, майыптар, көп балалуу
үй-бүлөлөр) “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коому
тарабынан батир бөлүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу Министрлер Кабинетинин
Төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиевдин дарегине кайрылуу
жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлиги көтөргөн бул маселе жакын арада
Координациялык Кеңеште каралат.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №
623т тескеменин 4 пунктуна ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания”
Ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилүүчү турак жай фондунун
объекттерин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын
кызматкерлерине жана эркин жалданма курамынын кызматчыларына ушул
тескеме менен өткөрүлүп берилген турак жайды алууга артыкчылыктуу укук
берүү сунушталгандыгына байланыштуу, бүгүнкү күнү, 216 батир
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКы тарабынан ИИОнун ардагерлерине,
жеңилдик берилген категориядагыларга (жесирлер, майыптар, көп балалуу
үй-бүлөлөр) дагы батир бөлүнүүсү боюнча мининстрликтин жетекчилиги
тарабынан сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg