ИИМдеги “серый кардинал”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМ министринин орунбасары Данияр Абдыкаров «серый кардинал» аталып, бир топ маселелерди өзү чечип жатканы белгилүү. Учурда бул жигитти ИИМ министри кылууга бел байлаган күчтөр бар экен. Данияр мырза билинбей эле «серый кардиналга» айланып калды. ИИМде гана эмес, бийлик бийик бутагындагылар аркылуу чечилчү иштер да дал ушул жигиттин таасири астында жүрүп жатканы байкалат. Акырындап отуруп, министр Исраиловду да «жылаңач» калтырчудай түрү бар. Ошондо Улан Исраилов оозун ачып кала береби? Бир кезде багын ачкан Эркин Мамбеталиевди го тигинтип, таарынтып алды. Эми ал кечирээр бекен ким билет? Кыскасы Абдыкаров көп иштерге башын тыгып алды, арты кандай болоор экен…
Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg