ИИМ Токтакунов жана Василивицкийдин КСДПнын штабынын шайлоодогу чыгымдарына байланышкан материалдарды текшерүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан коомдук ишмер Нурбек Токтакуновдун жана
россиялык журналист Алексей Василивицкийдин КСДПнын штабынын шайлоодогу
чыгымдарына байланышкан материалдарынын жарыяланышы боюнча маалыматтарга тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатат
Юрист жана жактоочу Нурбек Токтакунов “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү
баракчасына 2017-жылы өткөн президенттик шайлоону өткөрүү учурунда
КСДПнын шайлоо штабы менен алардын Кыргыз Республикасынын
президенттигине талапкери короткон чыгымы тууралуу өз билдирүүсүн
жазган. Ошондой эле, россиялык журналист Алексей Василивицкий Кыргыз
Республикасынын президенттигине талапкеринин штабында иштегендиги
тууралуу видео кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчасына
жайгаштырганын билдиребиз. Андан сырткары ал өз дарегине коркутуулар
болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин
белгилеген.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы Нурбек
Токтакуновдун жана россиялык журналист Алексей Василивицкийдин КСДПнын
штабынын шайлоодогу чыгымдарын жарыялаган материалы боюнча тергөөгө
чейинки текшерүүлөрүн жүргүзүп жатат. Ошондой эле эске сала кетели, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө  кызматы Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Атамбаевдин 2018-жылдын  19-ноябрында телеканалдардын бириндеги билдирүүсү боюнча тергөөгө  чейинки текшерүүсүн жүргүзүүдө. Билдирүүдө президенттик шайлоодо  коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби коомчулукка тарагандан баштап  КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтеринин өмүрүнө жана анын  үй-бүлөөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн деп айтылган.

Аргумент.kg