ИИМ эскертет!Алдамчыларга ишенип, күмөн жараткан лотереяларды ойнобогула.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана күмөн жараткан ойнотууларга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

«Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Буга байланыштуу, республикада өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрүнүн атынан эч кандай күмөн жараткан ойнотуулар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдайбыз.

Урматтуу жарандар! Абийирсиз адамдардын алдамчылыгынын курмандыгы болуп калбоо үчүн сак болууга жана мындай аракеттерге ишенбөөгө чакырабыз. Чоң суммадагы сыйлыктарды сунуштаган күмөн жараткан лотереяларга, викториналарга жана сурамжылоолорго катышпаңыз.
Эскертебиз, социалдык тармактарда эч ким лотерея жана конкурстарды өткөрбөйт. Чагымчылдыкка алдырбоого, текшерилбеген аккаунттар боюнча күмөн жараткан лотереяларга катышуудан этият болууга, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого чакырабыз. Эч качан Интернет аркылуу акча которбоңуз. Өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга кам көрүңүз», — деп айтылат маалыматта.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg