ИИМ Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын билдирди
19-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваИчки иштер министрлиги мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-октябрда маалымдады.
«Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү»,- деп айтылган маалыматта.
Расмий кабарда белгиленгендей, Бейшеналиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө алгач 37 500 АКШ долларын, кийин 62 500 долларды өз ыктыяры менен кайтарып берген. Тергөө уланууда.