III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары сыйланат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

10-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары сыйланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Президенттин аппаратынын жетекчиси, вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жигердүүлүк көрсөткөндүгү үчүн ыктыярчыларга ыраазычылык кат тапшырылат.

Ошондой эле “Көчмөн балдар” аталыштагы документалдык тасма көрсөтүлөт. Ал Адилет Дубаевдин демилгеси менен тартылган. Тасманын максаты жаштардын Ата Мекенге болгон мекенчилдик сезимдин ойготуу болуп саналат.

Айта кетсек, жалпысынан 2 миңден ашуун ыктыярчы катышкан. Алар мааракени уюштуруу, ачылыш жана жабылыш аземине катышуу, конокторду тосуп алуу жана башка милдеттерди аткарышкан.

Булак: Марал 

Аргумент.kg