“Ичкен кудугуна түкүргөн”, же жыгылганды тепкилеген Марат Иманкулов

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2010-жылдын 7-апрелинен кийин Марат Иманкулов коопсуздук кеңешинин катчысы катары “убактылууларга” кызмат кылган. Элдин баары билет. Кызыгы, учурдагы шефтерине жагынуу таризинде маек бергени күлкү келтирди. Уялбайбы? Кечээ Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев баштаган лидерлерге ийилип жүрсө, бүгүн ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө акаарат келтирип, тыңсынып, өзүн өтө баалуу кадр катары сезип, көкөлөп алыптыр. Бакиев бийлиги кубалангандан кийин Марат Иманкуловго баары муктаж болушуп, Роза Отунбаева жалдырап, суранып жатып коопсуздук кеңешине дайындаган имиш. “Өз тилинде” ушул маанидеги жомокторду жорголотуп өтүптүр. Жакаңды кармайсың. Анан калса жыгылганды тепкилеген пас кыялы менен манчыркайт десең. Эрксизден баш чайкайсың. Чыныгы жигит эч качан жабыр тартып, куугунтукта калган адамдарды тебелебейт. Колунан келсе жардам берет. А бул пенде оппозиция жаатындагы кечээги тарапташтарын жөөлөп, кемсинте сүйлөп, өзүнчө өктөмдүгүн көрсөткөнүн кантесиң? Акылы жетсе сабак алып, эми тыйылып калса керек. А болбосо “дарылдай” берсин! “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, келечегин кандайча божомолдойсуңар? Эртең да 180 градуска бурулуп, учурдагы төбөлдөрдү шыбап жатып калса таңгалбайсыңарбы? Кээде Жер энеге бооруң ооруйт да, ушундайларды көтөрүп турганына…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg