HRW: Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу адам укуктарын коргоо жаатындагы Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттманн Кыргызстанда «Сентябрь» телеканалын жабуу боюнча соттун чечимине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата доо арыздарга байланыштуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал “Сентябрь” телеканалынын жабылышына тынчсызданып жатышканын белгилеп, Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратканын кошумчалады:
— Дегеле Human rights watch уюму Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы начарлап баратканына тынчсызданып жатат. Кыргызстан кандай гана жагдай болбосун, сөз эркиндигин сыйлашы керек. Айрыкча, шайлоонун алдында бул зарыл. Бийлик сөз эркиндигинин сакталышына, жарандардын өз ойлорун эркин билдирүүсүнө кепилдик бериши кажет. Журналисттерди сот жоопкерчилигине тартпай, сөз эркиндиги корголууга тийиш.
Биринчи Май райондук соту 22-августта Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы «Сентябрь» телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимин чыгарган.
Сотко Башкы прокуратура кайрылган. Анын арыздануусуна мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган «Сентябрь» каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланганы негиз болгону айтылды.
Ал эми Бишкек шаардык соту Zanoza.kg сайты боюнча Октябрь райондук сотунун төрт чечимин күчүндө калтырган.
Бишкектин Октябрь райондук соту Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү «ПроМедиа» фонду боюнча арызды карап, прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арызы толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.

Аргумент.kg