Бишкек Ош жолундагы жол кырсыгынан улам 36 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта, Бишкек Ош жолунун 530 чакырымында Mazda менен Howo оор жүк ташуучу унаа кагылышып, 1985-жылы туулган жаран каза болду. Маркумдун сөөгүн талкаланып калган унаадан араң чыгарышкан.