Хакерлер 770 миллиондон ашык электрондук даректерди бузушту

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Хакерлер 770 миллиондон ашуун электрондук даректер менен 21 миллион колдонуучунун сыр сөздөрүн бузушту.
Батыштын басма сөз каражаттары киберкоопсуздук боюнча эксперттерге шилтеме берип билдиришгендей, «Mega» сервисинин маалымат базасы ачык болуп калды. Андан кийин сайттын шилтемеси хакерлердин белгилүү форумдарынын биринде жарыяланган.
Жарыяланып кеткен маалымат базасында интернет колдонуучулардын кредиттик карталары жана башка жеке финансы тууралуу маалыматтар бар-жогу такталып жатат.
Орусиядагы «Касперский лабораториясынын» өкүлдөрү РБК сайтына хакерлер жарыялаган базада орусиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтар бар болушу ыктымалдыгын билдирген.

Аргумент.kg