Гүлзат Мамытбек: «Жакында кыргыздарды Голливуддан ойгото баштайм»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Тур, турагой»-деп кыргыз элинин деми болгон Гүлзат Мамытбек акыркы кезде коомдун көңүл чордонунан алыстап калды. Буга бир себеп анын карыздары деп да айтып келишет. Мындай кептердин чын-бышыгын билүү максатында Гүлзат айым менен байланыштык.

— Акыркы кезде социалдык тармактардан көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алек болуудасыз?

— Азыр мен Түркиядамын. Бул жакта бизнес ачып жатам. Кудайым буйруса  чоң бизнестерди ачып жатам. Ошол себептен улам убактым тар болуп социалдык тармактарга азыраак отурум калдым.  Жакын арада бизнесим ишке толук кирсе  жакшы акча таап,  карыздарымды  жабам. Бул менин биринчи максаттардын бири болуп турат.  Анан кийин  Голливудка кетем деген чоң максатты багып жатам.

— Ырчы катары да таанылып катарлаш ырларды жаздырып келдиңиз чыгармачылыктан эс алууга кеттиңизби?

—  Жок, чыгармачылыктан  эс алууга кеткен жокмун.  Болгону коомчулуктан алыс болуп калдым окшойт. Азыр чыгармачылыктын  үстүнөн  катуу иштеп жатам.  Кудайым буйруса кыргыз элиме жакшы чыгармаларды тартуулайм.

— Акыркы жолу мурунку жолдошуңуз балдарды сизден талашып, сизди  сотко берип жаткан  аягы кандай болду?

—  Бул суроого  жооп бергим келбейт. Кайра-кайра артка кайрылгым келген жок. Мен үчүн бул тема бүттү,  мен бул эшикти биротоло жаптым. Экинчи жолу өткөн чакты кайра кайталап айтпайм.

— Мен элим менен деп видео кайрылууларды көп жасадыңыз, оюңуздан кайта элексизби?

— Жок, кантип кайтмак элем?! Мен кыргыздын кызымын. Элимдин гана  деми эмес, планетанын демимин. Азыр менде патриотизм деген  сөз мурункудан да мин эсе чоңойду. Өзүнүн өлкөсүн  сүйгөн адам патриот болуп  эсептелбейт. Бүткүл дүйнөнү сүйгөн, урматтаган, кайтарган, ушул планетанын канын көргөн адамдарды гана патриот деп атайт.  Ошондуктан  кичинекей Кыргызстаныбызды  сүйө бербей, бүткүл дүйнөнү  сүйгөндү аракет кылышыбыз керек. Анткени  өзүбүздү, өлкөбүздү  гана көтөрө бербей, бүткүл дүйнөнү көтөрүш зарыл.

Маектешкен Айпери Осмоналиева

Булак: argument.kg

Аргумент.kg