Гүлзат Мамытбек “Ninety One” тобун Бишкекке, белгилүү “BTS” тобун Нур-Султанга алып келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

16-январда өзүн кыргыздын деми атаган, ырчы Гүлзат Мамытбек “Карта мечты” тасмасынын алкагында пресс-конфренция өткөрдү. Аталган тасманын жабык көрсөтүүсү өзгөчө өтөөрүн ырчы баса белгиледи:
“Биз казак-кыргыз биргелешип тарткан “Карта мечты” тасмасын алга жылдыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Буюрса, 1-февралда боло турчу тасманын жабык көрсөтүүсүнө Казакстандын белгилүү Q-рор ырчылары тактап айтканда, “Ninety One” тобу концерти менен келет.Бирок топтун концертине баруу үчүн, “Карта мечты” тасмасына алдын ала билет сатып алуу керек.

 

Аталган топ биздин негизги өнөктөшүбүз болгондуктан, биргелешип Түштүк Кореядагы эң белгилүү “BTS” тобун Нур-Султанга алып келүү планыбыз бар. Буюрса, бул максатыбыз үстүбүздөгү жылы, 1-майда ашат”- дейт Мамытбек.

Булак:БарсМедиа.кж

Аргумент.kg