Гүлзат Мамытбек менен бирге 6 аял киши ачкачылык жарыялады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Абактагы Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) жана анын жанындагы 6 аял киши ачкачылык жарыялады.

Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору билдирди.

Алар №21 жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери аёосуз мамиле жасап жатышканына жана абактагы шарттарга нааразы экенин билдиришкен.

«Гүлзат Мамытбек Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна арыз менен кайрылган. Арыз прокуратурага жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдын 25-октябрда кармалган Мамытбек ал алдамчылыкка шектелүүдө. Ал буга чейин дагы 2021-жылдын 14-ноябрында да ачкачылык жарыялап, 23-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

Аргумент.kg