Гүлзат Байзакова: “Сыйлыкка биз эле эмес, 70 жашты таяп калган Адылбек Кыязов өңдүү агаларыбыз жете элек… ”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Элибиздин булбул үндүү ырчысы, эл баалаган таланттардын бири Гүлзат Байзакова чуулуу долбоор менен талкуудан түшпөй жаткан 2 ырчы Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев үчүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кечирим сураган.Бул тууралуу Фабула пресс билдирди.

Көп өтпөй  эле ырчылар наамдарынан ажыралат деген маалымат тараган соң шоубизнестеги бир топ таланттар “Сыйлыктын пайдасы деле жок экен, тапшырып салабыз” деп чыгышты. Өнөр жолунда, театрларда, филармония, маданий-агартуучу жайларда  30-40 жылдан ашык эмгек кылып, жаштар  чанып жаткан сыйлыкка зар болуп  жүргөн жүздөгөн таланттар бар экени айтпасак да белгилүү. Алардын арасында булбулдай үнү менен эл арасында таланты бааланып бирок, документ жүзүндө баалана элек, Гүлзат Байзакова өзү да бар эмеспи. Жаштардын сыйлыктын пайдасы жок экен деген пикирине ырчы айым кандай көз карашта экенин билүү максатында байланыштык…

  • Эми эмне дейли, биз эле эмес, 8 ай бою кыш кетпеген Нарын облусттук драма театрына өмүрүн арнаган, 70 жашты таяп калган Адылбек Кыязов өңдүү агаларыбыз бир да сыйлык албай, керек болсо “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине илинбей жүрүшөт. Ошондой болсо да 2 ырчы жигитке бир четинен боорум ооруп жатат. Эмне деген гана ачуу сындар айтылып жатат, ошондуктан элден алар үчүн кечирим сурадым. Биз бул дүйнөгө келген конокпуз, бүгүн бар, эртең жокпуз. Элдин жинденгенинде да кеп бар, балдардын өтө эле ашынып, батышты туураганы туура эмес болуп калды. 
Аргумент.kg