Гүлзат Аалиева, Манас таануучу: «Мыйзамды бузган прокурорлор ачыкталды, жоопко тартылуусу керек!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Арыбаңыз Гүлзат айым! Бүгүнкү маанайыңыз кандай? 

— Бүгүн, 2023-жылдын 24-январында устарадай курчтугу үчүн устаты Элмирбек Иманалиев тарабынан «Чагылган» атыккан таланттуу төкмө акын Болот Назаров соттон толук акталып чыкканын интернеттен окуп, «аксылык алты адамды а дүйнөгө аткарган Акаевди актап, айгырын ээсине аман-эсен кайтарып берсе да акчасыз акындын көзүн алайтып, аны 10 жылга кесүүнү суранган кошоматчы прокурорлорду талтактатып, акты ийилтип, акчасыз адамдарды какшаткан арсыз доордо деле адилеттик бар тура» деп көзүмдөн жаш буурчактап төгүлдү.

— Негизи, прокуратура – бул соттук териштирүүнүн пайдубалын түзгөн тергөөчү, эксперт жана башкалардын маалыматтарына көзөмөл кылган, ошол маалыматтардын тууралыгын тескеген орган да, туурабы? 

— Ооба, идеалда ошондой болушу керек. Бирок, заманбап Кыргызстандын реалдуу турмушунда төкмө акын Болот Назаров гана эмес, биздин үй-бүлө да прокурорлордун адилетсиз өкүмзордугун башыбыздан өткөрүп, зээнибиз катуу кейиди.

— Акыркы мезгилде Аалиевдердин үй-бүлөсүнүн үстүнөн кара булут айланып, сиз жана бир тууганыңыз – милициянын полковниги, Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин мурунку жетекчиси Уланбек Аалиев соттук куугунтукка кабылганын коомчулук жакшы билет. Учурда ошол «кара булут» таркайын дедиби?

— Мен 2022-жылдын 23-ноябрында, ал эми бир тууганым Уланбек Аалиев 2022-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан акталганбыз. Бирок, акталган менен Тамара Тилекеева аттуу прокурордун айынан иш Бишкек шаардык сотунда да каралат го, чамасы.

— Тамара Тилекеева сиздин да, бир тууганыңыздын да ишине катыштыбы? 

— Ооба, ал бир тууганым экөөбүздүн тең ишибизге тескөөчүлүк кылды.

— Ак жерден караланган полковник Уланбек Аалиевге карата прокурор Тамара Тилекеева кандай жаза сураганын коомчулуктун эсине дагы бир жолу салып коюңузчу?.. 

— Иним Уланбектин иши боюнча жалпы жонунан 30 киши күбө катары көрсөтмө беришти. Алардын бири да инимдин дарегине кылайган көө жаба алышкан жок. Тескерисинче, бир нече күбө полковник Аалиевден кечирим сурап, «башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн кысымына чыдай албай, сизге каршы көрсөтмө бердик» деп айтышса, 5-6 күбө башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү алардын көрсөтмөлөрүн «эч нерсе болбойт» деп өзүмбилемдикке сала бурмалашканда, күбөлөр ошол тергөөчүлөр менен кер-мур айтышып, жакалашканга чейин барышканын сотто ачык-айкын айтышты. Мындан сырткары, Азамат Жумабаев жетектеген ИИМдин тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү түзгөн документтер жок жерден орой токулуп, көп сандаган мыйзам бузууларга жол берилген. Ошого карабастан, прокурор Тамара Тилекеева оозу-мурду кыйшайбай туруп, полковник Уланбек Аалиевди он жылга эркинен ажыратууну, үй мүлкүн конфискациялоону, бир нече жыл жетектөөчү кызматтарга баруу укугунан ажыратууну сурады. Бирок, бактыга жараша, коомчулуктун пикири абдан күчтүү экен. Элден айланайын! Элибиз бир дем менен колдоп, полковник Уланбек Аалиев соттон акталып, эл алдына жүзү жарык чыкты.

— Улуттун келечегине балта чабууну көздөп, Манас атабызды да ыплас сөздөр менен кордоп жиберген радикал исламчылар менен ачык-айкын, чечкиндүү күрөшкөн сизге карата прокурор Тамара Тилекеева кандай жаза сурады? 

— Прокурор Тамара Тилекеева радикал динчилердин улутка болгон кара чабуулун далилдеген миңдеген скриншотторду, жүздөгөн кылмыштуу жорук-жосундарды, ондогон видеолорду көрүп, угуп туруп, Манас атабызга асылган динчилердин капчыгын кампайтайын дедиби, айтор, 200 миң сом айып пул төлөөнү сураган.

— Демек…

— Жогоруда айтылгандардын негизинде төкмө акын Болот Назаровдун, Манас таануучу Гүлзат Аалиеванын, полковник Уланбек Аалиевдин ж.б. ондогон, жүздөгөн жарандардын иштериндеги өтө одоно мыйзам бузуулар болгонуна карабастан, аларды ашкере жазалоону суранган прокурорлор жоопко тартылып, жумушунан кетүүсү керек!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg