Гүлшат Асылбаева: “Эгер Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык акциясына чогулган элдин алдына чыгуу керек болсо, мен чыгам”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.
Жыйында депутат Жанар Акаев аталган мыйзам долбооруна каршы чыккан адамдар Ак үйдүн алдында турганын айтты.
“Ал адамдарга өзүңүз чыгып, жооп берүүгө даярсызбы?” – деп суроо узатты депутат мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаевага.
“Мен кечээ социалдык тармктардан бул суроо боюнча дээрлик бардыгына жооп бердим. Мен алар менен сүйлөштүм. Эгерде, чыгыш керек болсо, чыгам” – деп жооп берди Гүлшат Асылбаева.
“Сиз азыр чыгып, биздин жарандардын алдында жооп берип коюшуңуз керек” – деп кошумчалады Жанар Акаев.
“Өтүнүч менен кайрылганыңызга ырахмат. Анкени кээ бир кесиптештерибиз ушул аракеттердин бардыгын козутууга аракет кылышты. Бул туура эмес деп ойлойм” – деди мыйзам долбоорунун демилгечиси.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин алдында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат.
Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg