Гүлшайыр Садыбакасова: «Жаңы жылдан кийин филармониянын жетекчилигинен кетейин дегем»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Мен министрликке 3 айдан кийин кетем деп айткам». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Оштогу филармониянын айланасындагы чыр тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

«Жылды жыйынтыктап, отчет берип коюп кетем дегем. Дарыгерлер ак кагаз, компьютер караба дешти. Күнгө чыкканда кара көз айнек тагыш керек деп жатат. Биз кечке кагаз карайбыз да. 6 айдан бери дарыланып жатам. Ден соолугум жакшы болгону менен маселе көздө болуп жатат. Ошондон улам кетем дегем. Эми ызы-чуу болуп эле… Болору болду»,- деди ал.

Аргумент.kg