Гүлшайыр Садыбакасова кыздарды ырчы кылгандан тажадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова “Кыз-Бурак” тобундагы айрым кыздарды дүңгүрөтүп жеке ырчы катары чыгаргандан кийин, көкүрөккө тепки жегенин айтат:

“Мурда “Кыз-Бурак” тобун чыгарып баратып эле, топтогу кыздарга ыр жазып өзүнчө чыгарып жиберчүмүн. Аларды да кошо чыгарып жүрүп эле, биздин жарнамабыз ар тарапта болуп кетчү. Ал эми мен дүңгүрөтүп койгон кыздардан көкүрөккө тепки жегенден кийин, ошондой жеке ырчыларды чыгарбай калдым. Себеби каныңды, жаныңды, жүрөгүңдү арнап, өзүңдүн балаңдан да жакшы көргөн адам бир күнү тумшугуңа бир муш салып кетет экен.
Сайкал менен ушул убакка чейин талашып келебиз. “Апа ыр жазалы”,-дейт. “Жок келишим топ менен коюлган. Топ ырдайт”,-дейм.
Азыр мен бул кыздарга 1-2 ыр жазып жиберейин дагы эле бул жагынан дагы, тигил жагынан дагы дүңгүрөп эле жатып калабыз”.

Ал эми Гүлшайыр Садыбакасованын жогорудагы сөздөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кенже Дүйшеевага тиешелүү деген сөздөр тараган. Ал эми буга жооп иретинде ырчы айым:
“Ар бир нерсени чабыштырып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, ташыган адамдарга Кудай бар. Ушундай сөздөрдү койгулачы! Менден башка 300 кызы бар! Алардын ар биринин тагдыры бар, кандай капачылыктар өткөнүн баарын билем.
Мени эле көзүңөргө иле бергенди токтоткула! Көөдөнү жамандыкка толгон адам каалаганын сүйлөйт. Сүйлөп жүргөн. Жаңылык эмес. Күлкумдү келтиресиңер! Менин ал жактан кеткениме 10 жыл болду. Унуткулачы! Менден башка айтаарга адам жокпу. Менин өз жолум бар. Ишиме тоскоол болбогула! Көп тарыхты камтыган команданын жападан жалгыз сыйлыкты алган, эмгек менен жеткен адам менен тескерисинче сыймыктанышы керек”- деген билдирүүсүн жазган-деп БарсМедиа жазып чыкты.

Аргумент.kg