Гүлшайыр Садыбакасова филармонияны талкалап салып, долуланган кербези

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облустук Рысбай Абдыкадыров атындагы филармонияны Гүлшайыр Садыбакасова 22 жылдан бери башкарып, талкалап салганы шардана болду. Бул боюнча депутат Аида Исатбек кызы парламенттен билдирген. Полдору түшүп, дубалдары урап атканын мисалга келтирген эле. Мындан сырткары, көрүүчүлөр залындагы отургучтар жыртылып, сына баштаган. Айтор, баардык көрүнүштөрү көзгө комсоо тартканы жашыруун эмес. Гүлшайыр Садыбакасова чейрек кылымга жакын директорлук кызматты аркалап, бирок көрүнүктүү иш жасабаганы өкүнүчтүү. Өзүнүн дарегине сын айтылса эле беттен алып, долуланганы адатка айланып калгандай. Эми маданият жайын “күмжам” кылган соң, кызматын таштай качып, жоопкерчиликтен кутулуп кетеби? Акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи. Карыганда уят! Анан калса, өзүнүн дарегине айтылган аргументтерге чычалап, моюн бербей беттырмарлык кылганын кантебиз? Өнүгүүгө ар дайым кастарын тигип, коомду ушундай адамдар артка тарта береби? Ынсабы бар адамдар баш чайкап жатышса керек…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg