Гүлшайыр Садыбакасова: “Бул 8-мартта Эркиним гүл көтөрүп келбей, майрамды ый менен тостум”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Рспубликасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова бул 8-март ый менен өткөнүн айтат:

“Бүгүн 8-март аялдардын майрамы! …Бүгүн сен мени куттуктаган жоксуң… бүгүн сен мени жыттап-жыттап бетимен өппөдүң…бүгүн сен гүлүңдү көтөрүп жарк этип эшиктен кирип келбедиң… балам ай…келбес сапарга кеткенине эми ишенип олтурам! Арман дүйнө … бир кем дүйнө… көчөдө майрам… үйлөрдө майрам… жер-жерлерде дүңгүрөгөн концерттер өтүп жатат, ал эми менин жан дүйнөмдө кайгы–арман оргуштап ,сага болгон сагынычым артып, сени жоктоп тамган көз жашым токтобой, бул 8-мартты ый менен тостум.

Кубанычтуу маанайың, күлүңдөгөн көздөрүң, жылмайган жузүң менен 8-мартта көтөрүп келген гүлдөрүндү эстеп жүлүнүм сыздап, муунум бошоп , күйүтүм күчөп , кабинетимде үн чыгарбай шолоктоп ыйлап олтурдум…Жан балам, сенин келбес сапарга кеткениңе эми ишене баштадым… Арман дүйнө… мен эми сенсиз кантип жашайм балам?…Кабыргам кайышып, муунум бошоп, жүлүнүм сөгүлүп, жүрөгүм сыздап Сени жоготуп алганыма ичим өрттөнүп олтурам каралдым…Башымды ташка урсам да , колумдан эч нерсе келбейт экен уулум. …Жашоонун мыйзамы, аллахтын айтканы ушундай экен балам…Эркинтайым, эртеби, кечпи айтор бир күнү сенин жаныңа барабыз, ага чейин жаткан жериң жарык , ыйманың саламат болуп аллахымдын бейиш төрүндө куштай болуп учуп-конуп жүрөгой… Кабыр турагың тынч болсун! Аллахым тозок отунан сактасын !!!

Аргумент.kg