Гүлай: “Тилимдин азабынан тилемчиге айландым”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин  кээ бир адамдар өзүнүн тагдырын  өзү талкалап алган окуялар тууралуу маалыматтарды  айрым учурда элдин арасынан угуп калчу элек. Андыктан  «Чагылган»  гезиттин  бул санында Тилинин азабынан жакшынакай турмушу бузулуп, акырында өзү көчөдөн кайыр сурап  калган Гүлайдын төмөндөгү кейиштүү баянын жарыяламакчыбыз. 
—Көчөдө тилемчиге айланып  кайыр сурап калышыма бир гана өзүм күнөөлүмүн. Эмесе кеп башынан болсун. Өзүмдүн өзгөлөрдү теӊине албаган жаман сапатым бар эле. Бул аз келгенсип тилим кычышып бирөөлөрдү мазактап сүйлөгөндү көнүмүш адатка айландырып алгам.  Бир жолу мен иштеген мекемедеги жашы 40ка жакындап калган эже менен бир аз кыжылдаша кеттим. Анын аябай  кекчил экенин ошол учурда жакшы байкабаптырмын. Аттиӊ ай… Ал мага ачуусу келип:
—Шашпай тур… Мен сенин түбүӊө жетем!-деди сөөмөйүн кезеп.
—Сен кимсиӊ? Колуӊдан эмне келет!-деп албууттандым.
Экөөбүз эч кимди көзгө илбей бир топко чейин ажылдаштык. Башчыбыз колунан келишинче бизди жараштырганга аракет кылды. Мен  кичүүлүк кылып тигил эжеден кечирим сурасам эч кепке келбей койду. Ошондон тарта  ал мага таптакыр сүйлөбөй калды. Ишке келгенде башкалар менен учурашып мага таптакыр көӊүл бурбай калганда эмнегедир өзүмдү ыӊгайсыз сезе баштадым. Күндөрдүн биринде ал эже өз каалоосу менен кызматтан кеткенин угуп калдык. Арадан бир топ өткөндөн кийин ал эже тууралуу көп деле ойлобой калгам. Бир күнү жумуштан чарчап келген күйөөм күтүүсүздөн жаӊжал чыгарып мени жаман сөздөр менен ашата баштады. Буга чейин анын мындай жоругун эч көрбөгөндүктөн алгач таӊ калдым. Андыктан ага көп деле теӊелген жокмун. Эртеси күйөөм кечээ туура эмес кылганын айтып кечирим сурап жумушуна кетти. Кечинде келгенде кайра урушту баштап:
—Сенин бой көтөрүп керсейгениӊ мага эч жакпайт. Мен эми башкага үйлөнөм,-деп кулакка жагымсыз сөздөрдү айтканда тилимди тыйбай:
—Мага баары бир… Билген намазыӊды оку!-дедим үнүмдү болушунча чыгарып.
Күйөөм башын чайкап сыртка чыгып кетти… Ошону менен биздин үйүбүздөн кут кеткени кадимкидей байкала баштады. Ишибиз жүрүшпөй карызга белчебизден баттык. Экөөбүз теӊ жумушубуздан кыскартууга туш болгондуктан бир топко чейин үйдө болуп калдык. Акырында үйүбүздү саткандан кийин ажырашып кеттик. Күйөөм эки баламды бербегени аз келгенсип башкага үйлөнүп алды. А, мен ичкиликтин артынан түшүп көчөдө кайыр сурап  баштадым. Менин мындай кейиштүү абалым тууралуу элден уккан жакын курбум бир бакшы аялга алып барды. Анын айтуусуна караганда баягы эже мага өчөшүп: “Күйөөсү экөө итче ыркырашып калсын” деп бирөөгө дуба жасаткан экен… Бакшынын айтканына анча ишенбей мурда жашаган үйүбүзгө келип дарбазанын кычыгынан  ичине бир нерсе оролгон кагазды сууруп чыктым. Кагаздын ичинде чын эле иттин кыркылган жүнү бар экен… Азыр ойлосом ушул дуба тагдырымды талкалаптыр. Учурда жеке турмушумда абдан кыйналып жүргөн кезим. Мени ушундай акыбалга алып келген баягы эженин көӊүлүн оорутканыма абдан өкүнөм. Тилимдин азабынан ушинтип тилемчиге айландым. Тилемчиге…
   

Аргумент.kg