Губернатор Мирбек Кожоевдин шалаакылыгы Анжеликанын жексурлугу менен коштолду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Обу жок катын орсок уй саайт” дегендей, ырчы Анжеликанын жүрүшү, кылган иштери коомчулукту иренжитип бүттү. Өткөн жылы Ысык-Көлдө “балдейтетип” баратып, аварияга кабылганы эсибизде. Эми ошол кырсыкка жол жээгиндеги бакты күнөөлөп, кыркып аткан видеосун чыгарып, көпчүлүктүн сынына кабылды. Мындай акмакчылыкты эч ким кылган эмес. Ысык-Көлдүн губернатору Мирбек Кожоевдин боштугунан, шалаакылыгынан ушундай жорук орун алды. Анжелика акылсыз иши менен элге жексур көрүндү. Жаратылышты көрктөндүрүп, бак тиге албай жатсак, чоёктогон ырчынын кылыгы кыжыр келтирди. Бул кечиримсиз! Эми Анжеликаны айыпка жыгып, ал жерге жүз көчөт отургуздуруу керек. Ал эми Мирбек Кожоевдин колунан эч нерсе келбесе кызматынан кетсин!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg