Грипптен кантип сактануу керек?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күз келип. Аба муздап, жаан-чачыл башталган учур. Мына ушул айда башталчу вирустук грипптен кантип сактанууга болот? Ушул боюнча сөз кылмакчыбыз.
1. Иммунитетти көтөрүүчү тамак-аштарды колдонуу жана өздүк тазалыкты сактоо
-Коомдук жайларга барып келгенден кийин колду самындап сөзсүз жууш керек. Сиз сыртта жүргөн кезде колуңуз менен жүзүңүздү кармабоого аракет жасаңыз.
-Мурунга антисептикалык маздарды колдонуп туруу
-Мурунду тузду суу менен чайкап туруу
-Иммунитетти чыңдоо үчүн эртең менен: имбирдин тамырын майдалап, бал менен кошулган аралашманы бир чай кашык ач карын ичүү керек.
-Иммунитетти көтөрүүчү түрдүү витаминдерди ичип туруу да ашыкча кылбас
-Алдын ала вируска каршы дары-дармекти ичип койсоңуз да жакшы болот.
2. Учурда дүйнөлүк практикада көпчүлүк адамдар-гриппке каршы эмдөө алышат. Эмдөөнү сентябрь жана октябрда алган абдан жакшы. Аны алууда сиздин ден соолугуңуз чың болуш керек. Гриппке каршы эмдөө алынган соң, организмдеги иммунитет эки жума аралыгында иштелип чыгат.
Албетте, эмдөөнү алуу менен сиздин грипп болуп оорубашыңызга доктурлар жүз пайыз кепилдик бере албайт. Бирок, эгер сиз эмдөөдөн соң гриппке чалдыксаңыз, анда аны жеңил көтөрө алууңузду эскертип өтүштү. Эмдөөнү алууда сөзсүз доктурга кайрылуу керек.
БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg