Геран гүлдөбөй жатса, туура кам көргөн жоксуз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ар бир үйдүн терезесинен көргөндүн көз жоосун алып гүлдөп турган геран гүлүн байкайбыз.  Сиз ал гүлдү көргөндө балалык кезиңиз эсиңизге түшсө керек, а балким жок. Менин көз алдыма геран гүлү менен бирге балалык көз ирмемдерин кайрадан көз алдыма тартылат. Кылым карытса да модадан кетпеген, үй ээсинин сүйүктүү гүлүнө айланган  геран тууралуу чакан макаланы тартуулоону туура көрдүк.

 

Геран гүлүн өстүрүүдө ал үйдөгү абаны тазалап, жайкысын чымын чиркейди кубалоочу жытка ээ. Жакшы кам көрүлгөн геран 20-30 күн тынбай гүлдөйт. Андыктан гүлдү жаз-күз туура кыркканды, сугарганды, башка идишке отургузганды, көбөйтүп же жер семирткичтерди берүүнү билиш керек. Көпчүлүк бир отургузган идишке бир калыпта суу куйбай убагында жер семирткич берилбей же кыркылбай калгандан улам жүнү түшкөн тайлактай болуп көркүн жоготуп коет. Дайыма терезедеги гүлүңүз жашыл жалбыракка оронуп, бажырайган гүлдөр менен кооздолуп турушун кааласаңыз анда бул материал сизге тектеш экен.

Геран күндү сүйгөн гүл, андыктан күн көп тийген терезеге койсоңуз тынбай гүлдөйт. Жайдын ысык күнү аны терезеден бир аз алыстатып коюңуз, анткени ачуу тийген күн топурагын тез кургатып тамырына доо кетирет жана жалбырактары саргайып күйүп кетет. Күн нуру жетпей калса жалбырактары агыш жашыл тартып, жалбырактардын көлөмү эки эсе кичирейип кетет. Жаз-жай   геранды 2-3 күндө бир жолу суу куюп, кышында 10-14 кундө бир сугарасыз. Суу куюуда топурагы чылкылдап калганча куйсаңыз тез эле тамыры чирип гүлдөн айрылып калышыңыз мүмкүн.  Эч качан жалбырагына суу бүркпөңүз, бул жалбырактардын саргарып кетишине түрткү болот.

Кыркуу учуру бул эң маанилүү. Эгерде сиз кыркпай өстүргөн болсоңуз анда бою өсүп кетип, учуна жалбырак байлап, аз гүлдөйт. Жылына эки жолу кыркып турсаңыз, бир калыпта сиз ойлогондой көрктүү бойдон турат. Кыркарда герандын кайсы түрү экенин тактап алыңыз, айрымдары жапыз кезинде көрктүү болсо айрымдар кандайбыр бир см чейин өсүшү керек.Кыркарга 2-3 күн калганда сугарбай кармайсыз.  Кырка турган кайчыңызды спирт менен сүртүп аласыз. Андан кийин соксоюп өсуп кеткен бутактарын кыркып, ал жерди активдешкен көмүр (активированный уголь) же атайын каражаттар менен тазалап  сээп коесуз. Андан кийин дагы эки күн суу тийгизбеңиз. Анткени анын кыркылган бутактары сууну кармоого, ага туруштук берүүгө кудурети жетпейт.  Кырркандан кийин суу кую мезгилинде  жер семирткичти кошуп сугарып же топурагына аралаштырып коесуз.

Жаздын келиши сиздин гүл бой тартып терезеге батпай калса кыркып, бир формага сала турчу мезгил келди.

 

Булак:argument.kg

 

Аргумент.kg