Фото – Асель Кадырбекова кызынын жүзүн көрсөттү. Кимге окшош?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жылдыздуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова буга чейин бир жашка толо элек кыздарынын жүзүн жашырып келишкен. Муну Асель айым улуулардын уруксат бербегени менен түшүндүргөн. Түгөйлөрдүн кызынын жүзүн жашырганы менен, ырчылардын фан баракчалары Дариянын сүрөттөрүн анда-санда жарыялап турушканы маалым.

Ал эми бүгүн Асель Кадырбекова жеке баракчасына кызы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, бирок кызынын жүзүн быйтыкчалар менен жапкан эмес.

Күйөрмандары бир ооздон Дария атасы Нурлан Насиптин көчүрмөсү экенин айтышууда…

 

Аргумент.kg