Феликс Кулов: Бизде Казакстандагыдай башаламандыктар болбойт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстандагы башаламандыктардын башталышына суюлтулган газга болгон баанын көтөрүлүшү себеп болуп, натыйжада жүздөгөн өмүрлөр кыйылып, шаарлар талкаланды.

Кыргызстанда да элдин керектөөлөрүнө баалардын барган сайын өсүшү байкалууда. Өлкөдө коңшу Казакстандагыдай нааразычылыктар чыгып кетпейби деген BULAK.KG сайтынын суроосуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.

“Казакстандагыдай чоң толкундоолор болуп кетишине азырынча себептерди көрбөй турам. Баалардын өсүп жатканын байкоодобуз, мындан ары деле өсө берчүдөй. Бардык товарларды биз Казакстан аркылуу транзит менен алабыз. Министрлер кабинети калың элге коңшу өлкөдө болгон окуялардын кесепетин жакшы түшүндүрүп, биздин товарлар тоскоолдуксуз өтүшү үчүн казактар менен бирге тиешелүү келишимдерди киргизиши керек. Кадимки ыргак бузулуп кала турган болсо, баалар дагы өсүп кетиши ыктымал.

Азыркы бийликке каршы туруп, туруктуу абалды бузуп сала турган күчтөрдү учурда көрбөй турам. Түрдүү митингдер боло берет, бул адаттагы эле көрүнүш. Бийликтегилер аларга каршы ашкере күч колдонуп, кууй бербеши керек. Буга чейинки болгон окуялардан сабак алышы кажет, анткени мындай кыймылдар ар бир адамдын конституциялык укугу. Андай учурларда бийлик өкүлдөрү чыгып сүйлөшүүсү керек, дароо эле милиция кызматкерлерин аралаштыруу туура эмес болуп калат.

Кандайдыр бир провокациялык кыймыл-аракеттерди өз убагында басып турушу керек болот. Анктени, өлкөдө бардыгы бир тегиз болот деп айтуу кыйын. Бирок Казакстандагыдай тополоң болбойт.

Маселен, көзөмөл-кассалык аппараттар боюнча маселе көтөрүлгөндө, эл каршы болуп чыкты эле аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аны киргизүү мөөнөтү жылдырылды. Үйлөрүнүн документтери жок болгон жаңы конуштардын жашоочулары чыгып калат, соттолгон адамдын таламын талашып чыккандар бар. Бул коомдо болуп жаткан кадимки эле көрүнүштөр, андан коркуунун кереги жок.

Аларга каршы күч колдонуу менен абалды курчутуп алып, натыйжада массалык нааразычылыктар чыгып кетиши ыктымал. Азырынча Садыр Жапаровго ишенгендер көп, ага каршы пикирин айткандар да бар, демек бизде демократия бар дегенди билдирет”, – деп Феликс Кулов оюн айтты.

Аргумент.kg