Феликс Кулов: Азаттык жабылбашы керек,мыйзамсыз чечим чыгарылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Феликс Кулов «Азаттыкты» жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук сотунун чечими тууралуу пикирин билдирди. Саясатчы «Азаттыкты» жабуу тууралуу чечимди негизсиз деп эсептейт:

«Мен лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын угуп, бир да көзгө басарлык аргумент таба албадым. Мындан улам «Азаттыкка» эскертүү берилип же башка материалдык санкциялар менен иш жабылат деп ойлогом. ЖМКны жабуу — бул аша чапкандык. Юрист катары «бул чечим — бийликтин буйругу» деп далилсиз божомолдорду айтып, жоопкерчиликти башкаларга жүктөгүм келбейт. Анткени биз аткаруучуларды айыптаганды үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, сот туура эмес чечим чыгардыбы, аны коомчулук катуу сындап, уяткарып, ал эртеби-кечпи жоопкерчиликке тартылса, башкаларга сабак болмок. «Азаттыкты» жабуу боюнча чечимдин саясий жагын алганда да, эл аралык коомчулуктун алдындагы абройду эске алганда да — бул бийлик үчүн чоң минус. Мамлекетте ар тараптуулук болушу керек, ошондо каталар азыраак болуп, өнүгүү орун алат».

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

«Азаттыктын» адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

Аргумент.kg