Фарида Имашова: “Кышында беш балам менен үйсүз калдык”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жубайлар Нурлан Алакунов менен Фарида Имашова чыгармачыл үй-бүлө. Алар Нарын районунун Өрүк-Там айылында музыкадан сабак берип, маданият үйүндө эмгектенип келишет. Жаңырган жыл алар үчүн сыноо менен башталды, тагыраагы 3-январынан 4-январга караган түнү үйүнөн өрт чыгып, беш баласы менен сыртта калышкан кези. Биздин редакцияга кайрылган Фарида айым кайрымдуу элден жардам сураганга аргасыз.

“Үй өкүл атамдыкы болчу”

Биз мындан төрт жыл мурда борбордо батирде жашачубуз. Өзүм жети бала төрөдүм, бир кызым төрөлгөндө эле, экинчи уулум үч жашында сууга түшүп кетип чарчап калган. Беш балабыз удаа болгондуктан мектепке киргизген жылдары кыйналдык. Туруктуу жашаган жерибизди тастыктаган документ болбогон соң окууга да алышпайт экен. Убарасын тартып тажаганда акырында өкүл атамдардын Нарындын Өрүк-Там айылындагы үйүнө көчүп келдик. Өздөрү шаарда турушкандыктан биздин кыйналганыбызды көрүп “жардам болсун убактылуу жашап тургула” дешти. Жолдошум айылдагы маданият үйүндө, мен мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштеп калдык. Балдарыбыз айылдагы мектептен окуп жашообуз бир нукка түшкөндөй болгон. Кичине ирденип бирин-серин мал курап алдык. “Балдарымды Кудай сактаптыр” Жаңы жылдык каникулда кем-карчыбызды бүтүрүп алалы деп жолдошум экөөбүз үч кичинекей балабызды алып, 14 жана 17 жаштагы уулдарыбызды “үйгө, мал-жанга баш-көз болуп тургула” деп үйгө калтырып шаарга кеткенбиз. Үчүнөн төртүнчү январга караган түнү саат экиде үйдүн төбөсүнөн өрт чыгыптыр. Балдарым да дароо ойгонбосо керек, качан гана түтүнгө уулана баштаганда улуусу туруп инисин ойготуп, экөө жөрмөлөп ич кийимчен сыртка чыгышат. Улуу балам кайра кийимдерди алып чыгам деп үйгө кирип, жаткан жеринен кийимдерин чогултуп сыртка чыгары менен үйдүн шыбы түшүптүр. Саналуу секунд болгондо уулумду басып калмак экен. Кийин укканда “эмнеге кайра киресиң” деп урушсам “үшүп чыдабай кеттик” дейт. Экинчи уулум нес болуп тура берип сол кулагын суукка урунтуп алыптыр. Биздин үйдөн алысыраак жерде эжебиз турат, алардын үйүнө барып үй өрттөнүп кетти деп ойготушуптур. Ал эжем мага чалаары менен жолго чыктык. Айыл эли ызы-чуудан чогулган экен, бирок ал учурда үй жалбырттап күйүп бүтүптүр. “Зымдардын эскилигинен өрт чыгыптыр” Үч күн мурда счетчикти жаңылаган элек. Бирок анда деле электриктер эч нерсе айткан эмес, кийин өрттөнгөндөн кийин өткөргүчтөрдүн эскилиги жеткен, зымдар тамдын үстүндөгү тактайларга оролуп турган дешти. Буга чейин деле эч кандай маселе жаралбагандыктан ошону алдын ала текшерип коюу оюбузга келбептир. Жолдо келе жатып өкүл апама чалып кырсыктаганыбызды айттым. Алар деле биз менен удаа эле жолго чыгышыптыр, чогуу келип күйгөн үйдү көрдүк. Өкүл атам каза болуп калган, ага уул-кыздары жылда келип куран окутуп турушчу. Үй беш бөлмөлүү болчу. Эки бөлмөсүндө алардын буюмдары бар эле, үч бөлмөсүндө биз жашачубуз. Оокаттарынын арасында жакшы жасалгалуу эки кыргыз боз үйү бар болчу. Аны мен жылда күнгө жайып, кайра жыйнап турчумун. Өкүнүчтүүсү ал боз үйлөр да өрттөнүп кетти. Жалпы чыгымды 700 миң сом деп бааладык. Эки боз үйдү кайра сатып беребиз деп сүйлөштүк, азыр иликтесем ар биринин баасы 150-250 миңден жогору экен. Дагы туугандык кылып күйгөн үйдүн ордуна кичирээк үй салып берсеңер болот дешти. Биздин эптеп тапкан оокатыбыз, балдардын документи, музыкалык аспаптар, кийим-кече толугу менен күйүп кетти. Үстүбүздөгү кийим менен калдык. Балдарымдын башы аман деп ага да шүгүр кылып аткан кезим. Айыл элинен айланса болот. Ошол жерден бир бош үйдү ачып башка үй тапкыча жашап тургула деп беришти. Бирөөсу жууркан-төшөнчө, экинчиси идиш-аягын, дагы бири кийим-кече колунан келген азык-түлүгүн беришти. Досторубуз элсом номур ачып элден жардам сурашты эле, бир аз тушкөн тыйынга балдарыма кийим алып бердим. Азыр деле баш-аягыбызды жыйнай албай нес абалда болуп турабыз. Эми жаздын алды менен өкул апабызга жаңы үй баштап салып беришибиз керек. Ушундайда сатып керекке жараталы десек же өзүбүздүн жер тилкебиз жок. Айлабыз кетип карапайым элден жардам сурап чыгууга аргасыз болдум. Башыбызга түшкөн сыноого кайдыгер карабай колдон келген жардамыңыздарды берсеңиз жакшы болот эле. Бизге кылган жакшылыгыңар Кудайдан эки эселеп кайтаарына ишенем…

Жардам берүүнү каалагандар 0706 66 02 04 (Элсом) номуруна байланышса болот.

Анара Дүйшөналиева

https://lady.kg/

Аргумент.kg