ФАРИД НИЯЗОВДУН ОРДУНА МУХАММЕДКАЛЫЙ АБУЛГАЗИЕВ КЕЛДИ
16-жалган куран, 2018-ж // //Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мухаммедкалый Абулгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Фарид Ниязов аркалап келген. Ал өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.
Абулгазиев буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Булак:Каганат.