Фарид Ниязовдон бомба жарылгандай кезектеги спектакль

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Фарид Ниязов президенттик аппарат жетекчилигинен кетери тууралуу арыз жазды”- деген кабарды коомчулук “бомба жарылгандай” эле кабыл алганы ырас. Бул жагдайга тебетейин көккө ыргытып сүйүнгөндөр да, бармагын тиштеп өкүнгөндөр да көп болду. Бирок, Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын канаттандырбай койгондон кийин кубанычын койнуна жашырбагандардын жаагы жабылып эле калды го чиркин!
Ошондой кийин, айрымдар кайрадан “Кыргызстанды Атамбаев эле башкарып жатат”- деген тыянакка келишиптир. Кээ бир баамчылдар Сокени Атамбаев чакырып алып, Коопсуздук кеңешинде өзү коюп кеткен кадрларды “мыкчыганына” катуу нааразы экенин билдиргенин айтышууда. Маалыматка караганда, АША керек болсо Сокени оңой эле алып түшүп коёрун эскертиптир. Ошондон кийин гана Соке аргасыз Фариддин арызын жыртып, ал аз келгенсип, “бир аз сергип кел”- деп санаторийге билетин да алып бергенин узун кулак маамыттар жеткизип келишти.
Ошол эле кезде президентте Фарид Ниязовдон башка күчтүү кадры жоктугун айткан да эксперттер бар. Мисалы, саясат таануучу Марс Сариев “Vesti.kg” сайтына мындай дейт: “Кыргызстанда мындай тажрыйбалуу профессионал адис жок. Ошондуктан, бул “отставка” жөн эле шоу болушу ыктымал. Президенттин аппарат жетекчиси өзүнүн алмаштырылгыс экенин көрсөтүп алды, эми анын таасири күчөп, позициясы бекемделди. Бирок, буга карабастан, аппараттын ичинде белгисиз процесстер жүрүп жатат. Мен муну күтүүсүз фактор деп эсептебейм. Бардык эле президенттер тегерегине өз адамдарын топтойт. Жээнбековдо мындай жигиттери көп. Фарид Ниязов азырынча өзүн акылдуу жана алмашкыс кеңешчи катары эсептейт. Аны кетиришпейт”.
Иши кылса, билинбеген менен эски жана жаңы команданын өз ара тирешүүсү уламдан эле тереңдеп баратат. Жыйынтыгы деле көпкө күттүрбөс…
Булак: Майдан

Аргумент.kg