Фарид Ниязов Атамбаевден неге качууда?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «жакшы вазирлеринин» бири Фарид Ниязов акыркы учурларда эмнегедир «кожоюнунун» жанынан көрүнбөй калганын коомчулук байкап турат. Кече жакындагы эле, тактап айтсак, 22-февралдагы КСДПнын брифингинде да Фарид мырзанын карааны көрүнбөдү, «Форумдагылар» да анын караанын имараттын ичинен да, тышынан да көрө албай калышканын айтышууда.
Ошондо ага эмне болду деген суроо жаралат. Анын себебинин эки варианты болушу мүмкүн. Биринчиси, Ф. Ниязов АШАнын доорунда «Вечерний Бишкек» басма үйүн рейдерлик жол менен А. Кимден Рябушкинге алып берип койгонун элибиз жакшы билет. Мында ачык эле мыйзамды тебелеп-тепсөө болгонун да танууга болбой калды. Анан ал «эмгеги» үчүн аталган басма үйдөн айына 3 млн сом алып тураары да айтылып жүрөт. Эми мына ушул жоругу үчүн мыйзам алдында жооп берип калаарын ойлоп, кара башын корголоп жүрөт болушу керек. Экинчиси, өзүнүн жолбашчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чыныгы жүзүн эми билип, ага болгон ишеними кайткан болушу да мүмкүн. «Мен муну таза деп жүрсөм, ири долбоорлордон ири каражаттарды уурдап жүргөн турбайбы» деп балким катуу жийиркенип калгандыр… Кайсынысы туура экенин эми билебиз го…
Булак: «Кабар инфо»

Аргумент.kg