Мыйзам качанкыга чейин сагыздай чоюлуп, тепсендиде кала берет? Маселен, УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын дипломдору жасалма экенин БШКга билдирип, ырааттуу сунуш жолдогон. Андан бери канча ай өттү? Алар “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынан Фархат Исмаилов менен “Альянстан” Фарходбек Алимжанов. Булардын тийешелүү ЖОЖдорду окушпаганы далилденип, дипломдорун сатып алышканы ачыкталса да, ушул күнгө чейин мандаттарын тапшырышпай, парламентте отурушканы кандай? Эмне үчүн башкы прокуратура мыйзамды көзөмөлдөөчү орган катары эки депутатка чара көрбөй келет? Же баарынын оозун майлап салышканбы? Эл карап турат. Натыйжада, ырааттуулук жок, кайдыгерлик өкүм сүрүүдө. Мамлекет болобузбу, же…
«Азия Ньюс» гезити