«Эжемди жоолугун чечпегени үчүн жалаа менен камап, 3 сутка сабашкан»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Москвада Кыргыз жараны полиция кызматкерине кол көтөрүп, тырмагы менен тытып, погондорун жулуп алганы тууралуу жазганбыз.Көп өтпөй мекендешибиз 37 жаштагы Асель Кадырова аттуу келин экенин анын сиңдисинен тактадык. Анын айтымында, милиция бөлүмүндө эжестн 3 күн бою кармашып, катуу сабашкан.

«Сабай берип болбой калды, эжем да өзү ооруйт эле. Дагы эле кармап олтурушат. Элчиликке байланышсаң жооп беришпейт, укук коргоо органдарын ит менен издеп да таппай жатабыз баякы Москвадагы укук коргоо болумуштарды. Жоолугун чечпеген үчүн 3 күн кармап, кордук көрсөтөт деген эмне? 😪😪😪 Эжем урган жок, жалааа жаап жатышат! Просто өзүнүн укугун коргогон. Тигил аял полицейская өзүнүн кийимин жыртып, анан «меня избила» дептир жалааа жабып. Жакшы жагына чечилип калса экен деп аракет кылып жатабыз. Кантсе да бөтөн жер, бөтөн элдебиз»,- дейт айыпталуучунун сиңдиси Перизат.

Перизат Москвада сулуулук салонунда иштейт

Ал эми орус тараптын маалыматына караганда, 13-февралда Кыргыз жараны Орусиянын Ички иштер министрлигинин Головин району боюнча башкармалыгына жеткирилген. Анын каттоосу жок экени белгилүү болгон.Кыргыз жараны диний себептерден улам жоолугун чечүүдөн баш тарткан. Полиция кыргыз аялдын жоолугун жулуп алуу үчүн колун сунганда ага жооп катары аны бир нече жолу уруп, тытып, погондорун жулуп салган. Кыргызстандык аялга карата административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлгөн.

Булак: Мекендеш.пресс

Аргумент.kg