Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок а/а мурдагы башчысы А.М.дан ушул ЖӨБ органынын финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.
2023-жылдын 19-майында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн В.Ш. кармалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.
Булак:Агумент кж