Эр жеткен соң эжесин зордуктаган кошунасын өлтүрдү: Тоңдогу кандуу өч алуу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Соттун коллегиясы Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургунунун өлүмү боюнча УКМКнын мурдагы кызматкерине карата чыгарылган айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды. Чечим 2020-жылдын 14- мартында кабыл алынган. Бирок ал жазаны өтөбөйт. Анткени буга чейин биринчи инстанциядагы сот адам жазасын өтөп бүткөн деген бүтүмгө келген. Жогорку Сотко кассациялык сунуш менен Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын юстициянын подполковниги Р.Сейдахматов кайрылды. Ал Ысык-Көл облустук сотунун чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп атап, аны жокко чыгарууну өтүндү. Сейдахматов ишке катышкан адамды адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2- бөлүгүнүн 10-пункту («Бейбаштык максатта жасалган адам өлтүрүү») (1997-ж. редакциясы) менен тиешелүү жазага тартылуусун суранды. Иштин материалдарын карап чыгып, Жогорку соттун соттук коллегиясы облустук соттун чечимин жокко чыгарып, Балыкчы шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Аргумент.kg