Эмнеге Эркин Мамбеталиевге кысымдар болуп атат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Электораты арбын, ишкерлик менен алектенген Эркин Мамбеталиевди суракка чакырышып, “кылдан кыйкым” издешсе да эч нерсе таба алышпаганын каңкуулашты.

Саясатка аралашпаса, тек жүрсө, эмнеге кысымдар болуп атат? Бул жагынан саясатчылар тар чөйрөдө акыл калчашып, саресеп салып турушкандай. Маңызы эмнеде?

Кайсы бир күчтөр чочулашып, Эркин Мамбеталиевди колдогон эли, топ жарган жигиттери бар экенинен кооптонушуп, алдын ала алсыратуу машакаты менен баш оорутушкандай.

Жөн жерден аны менен үлкөн саясатчылар мамиле кылышып, акылдашып турат дейсизби? Бул жагынан көп кызыктар алдыда айтылмакчы…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg