Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кимдер сабаган?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кенештин депутаттары Эмил Жамгырчиев менен Чынгыз Айдарбекодун тегерегиндеги күдүң кептер күн сайын күчөп баратат. Анткени мындан бир нече убакыт мурун ушул эки депутат жакшы санаалаштарынын тажиясына катышуу үчүн Кыргыз-Казак чек арасынан өтүп баратканда УКМК тарабынан кармалды дегепн маалымат тараган. Андан кийин УКМК рассмий билдирүү жасап эч кандай кармоо сыяктуу окуя болбогондугун жарыя кылган. Ошондон бери эки депутаттын кайда жургөнү коомчулук үчүн табышмак болууда. “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаевдин билдирүүсү боюнча Айдарбеков чет жерде ден соолугун чыңдап жүрөт. Ал эми Эмиль Жамгырчиевдин кайда экендиги соцтармактар аркылуу белгилүү болду. Депутат Жамгырчиев азыркы күндө Москвада жүргөндүгүн фейсбук аркылуу билдириптир. Коомчулукта бул эки депутат тууралуу ар кандай жоромолдор жүрүүдө. Бири: Чынгыз Айдарбековду Кемпир-абаддын берилишине каршы позициясы үчүн бийлик куугунтукка алууда дешет. Ал эми Жамгырчиев болсо бир топ убакыт мурда финпол деп аталган азуулуу мекемени жетектеп турганда далай үлкөн ишкерлерди өзүнө каршы коюп алган. Ошолор эми өч алып жатат деген имиштер жок эмес. Айрым бир такталбаган маалыматтарга таянсак Жамгырчиев бирөөлөр тарабынан катуу токмоктолууга туш болгон. Ошондон икийин жанын калкалап Москвага качкан. Бул эки депутаттын тегерегиндеги чуулгандуу окуялардын чын төгүнү кайда? Айрым билермандардын айтымына караганда жакынкы күндөрү даана чындык ачыкка чыгат. Булак: Аргумент.кж Ввод Написать в Жан Эрке Акылназарова

Аргумент.kg