Эмил Узакбаев түштүктүн аксакалдарын бириктирип, Камчыбек Ташиевди колдоо уюмун түздү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы чиновник Эмил Узакбаев түштүктүн элүү аксакалын бириктирип, өзү башчы болуп, Камчыбек Ташиевди колдоо уюмун түзүптүр. Келечекте түндүктөн да аттуу-баштуулар копшолуп, алар да булардын катарынан орун алышары болжонууда. Коомчулукка ачык байкалбаганы менен чоң оюндардын чекеси кылтыя баштаганы эмнени билдирет?

Кандайдыр бир жагдайда Камчыбек Ташиевге коркунучтар жаралдыбы, же кезексиз президенттик шайлоого карата алдын ала даярдыктарбы? Бул жагын Эмил Узакбаевден сурап, максаттарын тактоого кызыксак, сыр катары азырынча айтпай турууга белсенгендей.

Сыягы, алдыдагы саясый кармаштарга карата күч топтоо, таасир арттыруу кадамы катары божомолдой туралы. Кыргыз коомчулугу күтүүсүз көрүнүштөргө бай келет эмеспи.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg