Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Түздөн-түз президентке баш ийген күчтүү агенттик керек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Эмил Токтакунович, Жогорку Кеңештин жыйынында бизде өндүрүлгөн продукцияларга кысым күчөп жатат дегендей пикирди айттыңыз. Сиз муну экспортко кетчү продукциянын сапатын тийешелүү деңгээлде текшербеген өзүбүздүн кызматтардын кемчилигинин натыйжасы эмес, саясый чечим болду деп эсептейсизби?

— Кечээ сүт боюнча бир жактуу жаап койду. Мен жетекчилери, адистери менен менен сүйлөштүм. Биз тараптан эч кандай бузуу болгон эмес. Колбаса деле ошондой. Курамында чочконун эти жок экенин биз тарап тастыктаса да эч кандай реакция болгон жок. Бир жактуу болуп калды.

— Абалды оңдоо үчүн кандай кадамдарды сунуш кыласыз?

— Мамлекеттик деңгээлдеги күчтүү орган керек. Биринчи кезекте өзүбүздүн кызматтарды күчөтүп, алардын материалдык базасын чыңдаш керек. Анан алардын макамын да жогорулатуу зарыл. Мисалы, Россияда фитосанитардык, ветеринардык кызматтар, санэпидстанция Роспотребнадзорго бириктирилген. Мен да ошону сунуштап жатам. Эгер түздөн-түз президенттин алдында болсо макамы жогорулап, иши да таасирдүү болмок. Азыр эчтеке кыла алышпайт. Колдорун куушуруп коюп эле отурушат. Ветеринардык кызматтын башчысын эч ким тоотпойт. Ошон үчүн буларды юридикалык жактан коргоо үчүн күчтүү агенттик керек. Ошондо башка өлкөлөр менен теңата сүйлөшкөнгө шарт түзүлөт. Эки агенттик түзүү керек: биринчиси, азык-түлүктүн коопсуздугун көзөмөлдөө, экинчиси, экспорт боюнча агенттик. Биз канчалык экспорт дегенибиз менен ага мамлекет тарабынан бирдиктүү колдоо жок. Мындай түзүм бүт өлкөлөрдө бар. Мен изилдеп көрсөм, биздин Кыргызстанда гана жок экен.

«Азия Ньюс» гезиити

Аргумент.kg