Эмил Токтошев: “Коргоо министринин отставкага кетишин талап кылабыз”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Эмил Токтакунович, коргоо министрлигиндеги терс көрүнүштөр боюнча көп эле маселе коюп жүрөсүз. Ошондон кийин кандайдыр бир жылыштар барбы?

— Биз карап, ушинтип талап кылсак, жылыш болот. Унчукпай отурсак, аракеттер көрүлбөйт. Кечээ комитетте коргоо министрин чакырып, маалыматын уктук. Ар бир өлгөн жоокер боюнча жооп талап кылдык. Эртең Жогорку Кеңештин жыйынында да карайбыз. Менимче, азыркы коргоо министри өзүнүн кызмат ордуна, министрликтин талабына жооп бербейт. Эртең отставкага кетишин талап калабыз. Себеби, алардын компетентсиздигинен жоокерлер себепсиз, бейажал өлүп жатышат. Бул элдин талабы, биз элдин оюн жеткирип жатабыз.

— Министрдин кечээги жооптору сизди канааттандырдыбы?

— Ал “дедовщина” болуп келген, боло берет” деп айтып, сөзүнөн бир жыңылды. Экинчиси, “балдар өздөрү күнөөлүү, кызмат кылганга даяр эмес” дейт. Бул министр айта турган сөз эмес да. Ата-энелер балдарын армияга “үйрөнсүн” деп жиберет. Бул кишинин ою боюнча, кызмат кылганга, атканга үйдөн даярдап жибериш керек экен. Анда аскер комиссариаттарынын, министрликтин эмне кереги бар? Муну уккан ата-эне ойлонот да, “баламды кантип жиберем, эртең соо келеби?” деп. Бул өтө оор маселе. Министр кетип, ордуна башка бирөө келиши керек. Өзү айтып атат, “мен эки жолу пенсияга чыккам, эки жолу кайра чакырып алышты” дейт. Эмне, мындан башка киши жокпу? “Министр болом” деген киши калбай калдыбы? Ошон үчүн биз бул иштин аягына чыгышыбыз керек.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg