Эми апам хиджап кийсең сенден кечип кетем деп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы! Меникин дагы чыгарып бергилечи, анонимно. Мен турмуш курганыма 10 жылдай болуп калды, 3балам бар. Мени ойго салган маселе бул менин апам .Үйүбүз бар ,кайненемдин чакан бизнеси бар, жолдошум ошол жакта кайненем менен иштейт, намаз окушат. Менин апама эч бир жакпай койду жолдошум, бир нерсеге нерв болсо эле сразу мага асылат күйөөң апсыйып сакалы менен деп эле. Эми акыркы убакта мага айта баштады жоолугуңду чечип чачыңды жакшынакай жасап элдин кыздарындай жүрбөйсүңбү деп .Мен жоолукту хиджаптай салынбайм. Үйүңөрүн ремонтту жок, кече күнү дагы ушундай сөздөрдү айтканда урушуп кеттик. Апам хиджап кийип чүмкөнсөң сенден кечип кетемин деди. Эмне кылсам болот? Жолдошум менен уруш талаш болот, баардык эле үй-бүлөөлөрдө болот бирок мамилебиз жакшы ,кайын журтума менен дагы мамилем жакшы. Бирок мен апам менен болгонду кайын журтума жолдошума айткан эмесмин, үй бүлөөдө болгонду апама айткан эмесмин. Кээде коркуп кетемин апам бир күнү жолдошума ушундай бир сөздөрдү айтып кайын журтум ,жолдошум менен мамилем бузулуп кетеби деп. Жолдошумдун да апама болгон мамилеси ою бузулабы деп корком.

Аргумент.kg