Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эл арасында “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен таанымал болгон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, комузчу Малик Аликеев көз жумду. Бул тууралуу улуттук «Манас» театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аликеев оорудан улам 17-январда акка моюн сунган.

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган.

Аргумент.kg