Эльвира Сурабалдиева :Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы?

Эльвира Сурабалдиева :Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы?

18-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кенештин 18-майдагы жыйынында УТРКнын журналисти, аксакалдар курултайынын төрагасы делген Кадыр Кошалиев жүзгө жакын кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер болгон качкын президент Курманбек Бакиевден интервью алганы айтылды.Бул туурасында Эльвира Сурабалиева токтотулду.

«Эмне үчүн каалаган фактыларды өзүнө ыңгайлуу кылып айтып, актанып жаткан президенттин сөзүн чыгарып жатышат? Менимче, бул журналисттин курултайды жетектөөгө укугу жок. Көзөмөлгө алгыла. Туура эмес болуп жатат», — деди депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.

Эльвира Сурабалдиева УТРК Кошалиевди кызматтан кетириши керек же Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы деген суроого түз жооп бериши керек деп эсептейт.

Булак:Аргумент кж