Элмурза Сатыбалдиев опулдаган Нурдан Орунтаевди ордуна койду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев деген “шектүү” бар. Бу жигиттин күлү бир жерге додо болбой, ар бир иштеген жеринде күмөн жараткан аракеттери менен “даңазалуу” болуп келатат. ИИМдин тергөөсүндө жүргөндө уурдалган кымбат баалуу машиналарды көзөмөлдөгөнү үчүн аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, бирок камырдан кыл сууругандай кутулуп кетти беле? Бул суроого эмне үчүн жооп бере албайт?

Бирдеме болсо эле “мени президент чакырып атат” (чакырбаса деле) деп дөөгүрсүнүп жумушунан “жылт” коёру айтылууда. Бишкек шаарынын мэри “бу жигитке менин алым келбейт, укпайт” деген жагын да эшиттик. Таянганы бар өңдөнөбү? Биздин божомолубузда, ал төбөлдөрдүн балдарынын атын сатып жүргөнү териштирилеби? Эми аны коё туралы да, кечээки эле Жогорку Кеңештин комитет жыйынында улууларга сөз бербей, аларга ыксыз каяша айтуу менен коштолуп, аягында опулдаган Нурдан Орунтаевди эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев кечирим суратты. Туура, мындай ыгы жокторду улуу муундар өз убагында тизеге чаап турбаса, “мэр, анан президент болом” деп Кудайын тааныбай кетиши ыктымал. Баса, бийликтин кадырын ушундай кадрлар түшүрүп, элге жаман көрсөтүп аткан жокпу?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg